Казакстан менен Улуу Британиянын ортосундагы товар жүгүртүү көлөмү өсүүдө. Өткөн жылы ал 60%га жогорулап, 1,8 миллиард долларды түздү. Бириккен Королдук республиканын экономикасына тартылган инвестициянын көлөмү боюнча 7-орунда турат. Бул тууралуу президент Касым-Жомарт Токаев Улуу Британиянын Бизнес жана соода иштери боюнча мамлекеттик министри Нусрат Ганини кабыл алууда билдирди. Ошондой эле, мамлекет башчысы белгилегендей, Астана Лондон сыяктуу эле инвестициялык байланыштарды жана соода алаканы кеңейтүүгө кызыктар. Өз кезегинде Нусрат Гани британ тарап эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерине токтолду.
Которгон: Илгиз Жамалбеков