Казакстанда жаңы 3 облус түзүлөт

Казакстанда жаңы 3 облус түзүлөт

Казакстанда 3 жаңы облус түзүлөт. Бул тууралуу президент Касым-Жомарт Токаевдин кайрылуусунда айтылды. Мамлекет башчысы Семей аймагында Абай облусу, Жезказган аймагында Улытау облусун түзүүнү сунуштады. Ал эми Алматы облусун экиге бөлүү көздөлүп жатат. Жаңы түзүлө турган Жетису облусунун борбору Талдыкорган шаары болот. Алматы облусунун борборуна Капшагай шаары тандалып жатат.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстандын Президенти:

- Биз улуттук аң-сезимибизди бекемдеп, түпкү географиялык аталыштарды кайтарып, улуу инсандарыбыздын элесин кайра жандандыра бермекчибиз. Маселен, Капшагай шаары элибиздин тарыхындагы көрүнүктүү инсан – Динмухамед Конаев менен тыгыз байланышта. Ал эми коомчулук бул шаарга анын ысымын ыйгарууну сунуштаса, мен мындай позицияны колдойм. Мунун баарын мен жарандардын сунуш-пикирлерине таянып айтып жатам. Эгерде жергиликтүү тургундар бул демилгелерди колдосо, анда жакынкы аралыкта иш жүзүнө ашырылышы керек. Өкмөткө административдик-аймактык түзүлүш маселелерин кылдат иликтеп чыгууну жана бул демилгелерди ишке ашыруунун жолдорун сунуштоону тапшырам. Бул жөнөкөй маселе эмес. Муну жакшылап ойлонуп, кылдаттык менен жасашыбыз керек.