Казакстан Президенти иш-сапары менен Бакуга келди

Казакстан Президенти иш-сапары менен Бакуга келди

Казакстандын президенти СОР 29 дүйнөлүк климаттык саммитине катышуу үчүн Азербайжандын борборуна иш сапары менен келди. Саммит БУУнун климаттын өзгөрүшү боюнча конференциясынын колдоосу астында өтөт. Белгилей кетсек, иш сапардын алкагында Касым-Жомарт Токаев мамлекет башчылары, эл аралык уюмдардын жетекчилери жана бизнес-түзүмдөрдүн өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков