Испан фламенкосу, француз ырлары жана португал таттуулары. Астанада Европа күнү белгиленди. Салттуу «Eurofest-2024» фестивалынын алкагында эски континенттин маданияты тааныштырылып, биримдикке мүчө мамлекеттердин улуттук тамак-аштарынын жана уникалдуу кол өнөрчүлүк буюмдарынын жарманкеси уюштурулду. Майрамдык программанын катышуучуларына ачык асман астында концерт тартууланып, ар кандай чеберчилик сабактары жана сынактар сунушталды. Кече шаар тургундары менен конокторун, ошондой эле Европада билим алууну каалаган казакстандык студенттерди чогултту. Астанада катталган дипломатиялык корпустун ар бири өз өлкөсүнө мүнөздүү кызыктуу программаларын сунуштады. Маселен, Казакстандагы Германия, Польша, Эстония жана Румыния мамлекеттеринин элчиликтери даярдаган көрсөтүү көпчүлүктүн кызыгуусун жаратты. Ошондой эле, Европа Биримдигинин долбоорлорун чагылдырган маалыматтык стенддер орнотулду. Анда каржыланган долбоорлордун Казакстанга жана Борбор Азияга тийгизген оң таасири тууралуу маалымат берилген. Белгилей кетсек, Европа күнү Астанада 2008-жылдан бери белгиленип келет.
Кестутис Янкаускас, Казакстандагы
Европа Биримдигинин элчиси:
-Быйыл бул майрамды салт боюнча Астанада өткөрдүк. Эми жакынкы жылдары Казакстандын башка
шаарларында да өткөрүүнү пландап жатабыз. Анткени Казакстан менен Европа
мамлекеттеринин ортосунда тыгыз кызматташтык, достук мамиле түзүлгөнүн башка
шаарлардын тургундары билсин дейбиз. Казакстандыктар Европанын эң мыкты жогорку
окуу жайларында билим алып, биргелешкен бизнес жүргүзүүсүн каалайбыз. Туризм
тармагындагы кызматташтыктын чөйрөсү кеңири. Европалык туристтер Казакстанга да
саякаттап, кереметтүү өлкө менен тааныша алышат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков