Казакстандын президенти Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийяртону кабыл алды. Касым-Жомарт Токаев өлкөлөр ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн жогорку деңгээлин жана анын өткөн жылы Будапештке жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында кол коюлган келишимдерди ишке ашыруу динамикасын белгиледи. Алар ар тараптуу өнөктөштүктү тереңдетүүгө салым кошот. Өз кезегинде венгриялык дипломат анын Астанага сапары келишимдердин жогорку деңгээлде аткарылышы менен байланыштуу экенин баса белгиледи. Бул үчүн казак министрликтеринин өкүлдөрү менен жолугушуулар өткөрүлөт. Маектештер энергетика жана банк секторундагы байланыштарды кеңейтүүнү талкуулашты. Жолугушуунун соңунда Касым-Жомарт Токаев Петер Сийяртону казак-венгер мамилелерин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн II даражадагы «Достук» ордени менен сыйлады.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

