«Адилет» партиясында билим берүү жана креативдүү экономиканы өнүктүрүү маселелери талкууланды

«Адилет» партиясында билим берүү жана креативдүү экономиканы өнүктүрүү маселелери талкууланды

«Жаңы маданият жана улуттун калыптанышы» – Курултай шайлоосуна катышып жаткан саясий уюмдардын бири – «Адилет» партиясы ушундай аталышта стратегиялык сессия өткөрдү. Анда адам капиталын өнүктүрүү үчүн заманбап билим берүү долбоорлору каралды. Жыйында Казакстандын жасалма интеллектке окутууга артыкчылык берери айтылды. Мисалы, AI-Sana программасы боюнча 100 миңден ашуун жаран билим алып, эмгек рыногунда суроо-талапка ээ жаңы көндүмдөрдү өздөштүргөн. Мындан тышкары, жыйында маданият, экология жана креативдүү индустрияны өнүктүрүү маселелери да талкууланды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков