А. Бөкейхан тууралуу жаңы китеп жарык көрдү

А. Бөкейхан тууралуу жаңы китеп жарык көрдү

Улут ишмери Алихан Бөкейхан тууралуу китеп жарык көрөт. Автору - орус илимпозу, тарыхчы Виктор Козодой. Анын айтымында, монографияга «Алаш Ордонун» лидерлеринин бири жөнүндө мурда эч жерде жарыяланбаган жаңы маалыматтар камтылган. Чыгарма азырынча миң даана нускада басылып чыгат.

Виктор Козодой, тарыхчы:

- Бул чындыгында Казакстан үчүн да, Орусия үчүн да абдан маанилүү роль ойногон. Өз эмгегимде анын бир өлкөнүн гана эмес, ошол кездеги бүтүндөй империя, жалпы улуттук деңгээлдеги саясатчы болгонун көрсөтөм. Ал ошондой эле ХХ кылымдын башында Казакстандын тарыхында негизги ролду ойногон инсан болгон.

Белгилей кетсек, бул казактын улуу тарыхый жана саясий ишмеринин өмүрүнө арналган бүтүндөй илимий эмгек, ар бир окурманга түшүнүктүү тил менен жазылган. Чыгарманын автору Алихан Бөкейхан тууралуу маалыматтарды жыйноо үчүн Павлодардын Торайгыров атындагы борбордук китепканасынын фондун пайдаланышкан. Аны менен катар Алматы, Семей, Павлодар, Томск, Омск, Самара, Оренбург, Новосибирск шаарларынын архивдеринде иштеген. Окумуштуу бул эмгек тарыхчылар үчүн пайдалуу курал болоруна ишенет.

Асемгүл Рамазанкызы, Торайгыров атындагы борбордук китепканынын бөлүм башчысы:

- Виктор Иванович Козодой биздин китепканын окурманы катары 19-жылы жетинин айынын 28де катталды. Дал ошол учурда Алихан Бөкейхандын инсандыгын изилдеп жүргөн. Ал тургай Алаш партиясы лидерлеринин биринин ишмердүүлүгүн изилдөө максатында бизге бир нече күн келишкен.

Китептин бет ачарын тогуздун айында Казакстандын үч шаарында өткөрүү мерчемделген. Алаш тууралуу чыгарма Эгемендүүлүк күнүнүн алдында бардык казак элине чоң белек болот.

Которгон: Илгиз Жамалбеков