Шымкентте эки ардагер жашайт. Алардын бири Муратали
Төлепберген уулу ушул айда 100 жашка толот. Кылым жашаган ардагер дагы эле тың.
Жүздү көргөн карыя узак жашоонун сыры-талыкпаган эмгектин аркасы дейт. Согушка
18 жашында аттанган жоокер 339-дивизиянын байланышы болгон. Согуш талаасында
куралдангандан кийинки шериги -20 килограммдык рация. Алдыңкы чепте жүрүп штаб
менен байланыш түзүү кыйын эле деп эскерет ал.
Муратали Төлепберген уулу, Улуу Ата Мекендик согуштун
ардагери:
- Ал рация бул сыяктуу эмес 12
километрден ашык жерди ал албайт эле. Оноддук кызыткычта иштейт. Оноддук кызыткы эки
түрдүү болот 16 кило рациянын өзү 8 кило, аны эки адам алып жүрөбүз. 339-дивизиондун
батареясында радист болуп иштедим.
Ардагер Беларусь, украин жерлерин душмандан бошотуп,
Берлинге жөө барган. Ошондой эле Брест чебинин жана Данск, Виссмарк, Варшава
шаарларын куткаруу иштерине катышкан. Эрдиги үчүн ІІ даражадагы ата мекендик
согуш ордени, «эрдиги үчүн», «Варшаваны бошоткондугу үчүн», «Германияны
жеңгендиги үчүн» медалдары менен сыйланган.
Муратали Төлепберген уулу, Улуу
Ата Мекендик согуштун ардагери:
- Немис жеринде Одыр дарыясында чек
ара өзөнү андан өткөн соң 1945-жылы Германияны басып алдык. 49-жылы Германиядан Түлкибаска
40 күнгө пропуск алып айылда 20 күн жүрүп кайтканмын.
Ардагер согуш талаасынан кийинки ар бир таңды бакыт деп
эсептейт. Себеби кан майдандын ортосунан өлкөгө, тынч жашоого аман-эсен кайтты.
Согуштан кийин жамааттык чарбада иштеген. Бүгүн карыя 2 уул, 6 кызды тарбиялап,
21 небере, 27 чөбөрөнү көрүп жаткан кези.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

