Дарылык касиети мол кара самын

Дарылык касиети мол кара самын

Казактын байыркы кара самыны көп дарылык касиетке ээ. Өлкөнүн Зайсан районуна караштуу Кайнар айылында жашаган кандаштар илгертен келе жаткан салтты кайра жандандырып, самын жасоону кесип кылып алышкан.

Кытайдан мекенине кайтып келген Бибатима Ибрайхан кызы унутулуп бараткан самын жасоо салтын кайра жандандырды. Бир караганда отоо чөп сыяктуу көрүнгөн Алабата самын жасоодо колдонулат. Кара самын жасоо процесси чөптү күйгүзүүдөн башталат. Калган күлүн казанга кайнатып, сары суусун алат.

Айдархан Садуакас, айыл тургуну:

Эртең менен сары сууну тундуруп, күлүн алып салып, таза сууга кайнатабыз. Эки-үч саат кайнаганда өзү суу болуп калат. Акыр-аягы, ак порошок калат. Аны кургатып алабыз. Бир казан кайнаганда жыйырма чыныдай чыгат.

Бибатима Ыбырайхан кызы байыркы ыкма менен самын жасоону 17 жашында энесинен үйрөнгөнүн айтат.

Бибатима Ыбырайхан кызы, айыл тургуну:

Келгенибизге 15 жылдай болуп калды. Ошондон бери биз муну жасап келе жатабыз. Денедеги котур, сепкил, баштын кычышып, чачтын түшүшүнө жол бербейт. Жаңы төрөлгөн бала да четте калбайт. Бала ооруганда башы менен денесине сыйпап койсоң ооруну тез кетирет.

Алыскы Зайсан районунда улуттук баалуулуктарды даңазалап жүргөн кандаштар жараткан нерсеге суроо-талап жакшы. Ал тургай Астана, Алматыдан да буйрутма берип, алдыргандан да бар. Бибатима апа, учурда чоң атасынан калган баалуу өнөрдү неберелерине үйрөтүп келет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков