Парламент Мажилисинин жалпы отурумунда «Каспий деңизинин деңиз чөйрөсүн коргоо боюнча алкактык конвенцияга курчаган айлана-чөйрөгө трансчегаралык жагынан жасалган таасирлерди баалоо боюнча протоколду ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоорун жактырды. Казакстан Каспий деңизинин түндүк бөлүгүндө жайгашкан. Адистердин айтымында, деңиздин бул аймагы айлана-чөйрө жагынан теср таасирлерге болушунча сезимтал, эң аялуу бөлүгү болуп саналат. Андыктан экология, геология жана табигый ресурстары министри бул документ өлкө үчүн абдан маанилүү экенин белгиледи.
Магзум Мырзагалиев, РКнын Экология, геология және табигый ресурстар министри:
- Каспий деңизинде көмүр суутеги чийки затынын ири кору болушу бул суу бассейнинде экологиялык жана биологиялык ресурстарды сактоо маселесин көтөрөт. Курчап турган чөйрөнү коргоо жаатындагы кызматташтыкты күчөтүү максатында Казакстан алкактык конвенцияга байланыштуу бир катар протоколдорго кол койду. Алардын бири - Каспий жээгиндеги мамлекеттер 2018-жылдын теке айынынын 20дагы Москвада кол койгон Курчап турган чөйрөгө таасирин баалоо боюнча протокол. Мындан тышкары, бул протокол менен жөнгө салынуучу кызмат түрлөрү аныкталды. Алар төмөнкүдөй: мунайды кайра иштетүүчү заводдор, жылуулук электр станциялары жана кубаттуулугу 300 мегаватт же андан ашкан башка күйүүчү ишканалар, атомдук электр станциялары, унаа жолдорун куруу, реконструкциялоо жана кеңейтүү.
Министр протоколду ратификациялоо социалдык-экономикалык, укуктук жана экологиялык терс кесепеттерге алып келбей тургандыгын билдирди. Документ республикалык бюджеттен кошумча каржы чыгымдарды талап кылбайт. Белгилей кетсек, трансчекаралык контексттеги документти Азербайжан, Иран, Казакстан, Орусия жана Түркмөнстан кабыл алган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков