Казак спортчулары Бээжин олимпиадасында

Казак спортчулары Бээжин олимпиадасында

Казакстандык конькичи Надежда Морозова Бээжин олимпиадасында 11-орунга ээ болду. Кыз-келиндер арасында миң метр аралыкка чуркоодо жапониялык спортчу жеңишке жетти. Экинчи орунду Нидерланды мамлекети ээлесе, коло медалды АКШнын спортчусу алды. Дагы бир казакстандык конькичи Екатерина Айдова 19-орунду ээледи.

Екатерина Айдова, коньки спортунан улуттук кураманын мүчөсү:

- Бир нерсе жетишпей жаткандай сезилди, мен аны тана албайм. Эң ылдам, эң жакшы жыйынтык көрсөтө алган жокмун. Бирок ага карабастан ыраазымын.

Надежда Морозова, коньки спортунан улуттук кураманын мүчөсү:

- Мен чоң бурулуштан, ал эми канадалык конькичи кичи бурулуштан чыкты. Эреже боюнча мен өтүшүм керек болчу. Көз кыйыгым менен бирге чыгып жатканыбызды байкап, дароо кичи бурулушка кетүүгө туура келди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков