Казакстанда буудайдын кургакчылыкка чыдамдуу сорттору өндүрүлдү. Акмола облусунун окумуштуулары он жылга жакын жумшак жана катуу буудайдын үрөнүн изилдешкен. Эми алар жакынкы жылдары сыноо талааларына жиберилип, массалык себүүгө сунушталат. Дан эгиндерин илимий-изилдөө жана өндүрүш борборунун адистери жаңы өнүмдөрдүн кургакчылыкка туруктуулугу арта турганын айтышат.
Ирина Ошергина, үрөн чарбачылыгы борборунун бөлүм жетекчиси:
- Аты аталбаган жумшак буудай желеси иштелип жатат. Бирок ундун сапаты стандарттык деңгээлде, ал тургай андан да жогору болот. Ал эми негизги артыкчылыгын бири - кургакчылыкка чыдамдуулугу. Катуу буудайдын өзүнүн коюлган талаптары бар. Негизги талап, адаттагыдай эле, түшүмдүүлүк жана кургакчылыкка чыдамдуулугунда. Аны менен катар, бул түрү үчүн макарондун кайнатылуусу да кирет.
Ал эми Чыгыш Казакстандык биолог-илимпоздор картошканын 60тан ашык түрүнөн жаңы сортторун өздөштүрүп, аны өнүктүрүү жолдорун иштеп жатат. Бул селекциялык иштин өзгөчөлүгү - эч кандай пестицид жана жер семирткичсиз өсүмдүктөрдө пайда болгон он түрдүү кооптуу илдеттерге туруштук бере алгандыгында. Илимпоздор картошканын жаңы үрөнүн даярдоодо дал ушуга артыкчылык беришкен. Ошондой эле, бул сорттор Чыгыштын табиятына да ылайыкташтырылган. Алардын түшүмдүүлүгү да жогору болот. Эгерде жер түшүмдүү болсо гектарынан 35-40 тоннага чейин түшүм алууга болот деген божомол бар.
Максим Сутула, лабороториянын жетекчиси:
- Бүгүнкү күндө биз картошканын жаңы сортторунун 25 түрүн иштеп чыктык. Жалпысынан, 60 түрдүү сортту лабораториялык сынактан өткөрүп жатабыз. Негизги өзгөчөлүгү – табияты катаал, жайы кыска аймакка ыңгайлашуу.
Жергиликтүү селекциядан өткөн өнүмдү казакстандык аграрчылар азыркы учурда сатып алууда.
Которгон: Илгиз Жамалбеков