Акордодо Казакстан менен Германиянын кызматташтыгын
чыңдоо маселелери талкууланды. Мамлекет
башчысы Чыгыш Европалык Экономикалык байланыштар боюнча комитети башкармалыгынын төрайымы жана CLAAS Group байкоочу кеңешинин
төрайымы Катрина Клаас-Мюльхойзерди
кабыл алды. Касым-Жомарт Токаев ага эки тараптуу байланыштарды өнүктүрүүгө
кошкон зор салымы үчүн ыраазычылык билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө соода,
инвестиция, өнөр жай, логистика жана суу ресурстарын башкаруу тармактарында
кызматташууну кеңейтүү үчүн олуттуу мүмкүнчүлүктөр белгиленди. Тараптар ошондой
эле алдыдагы C5+ Германия диалогунун күн тартибин талкуулашты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

