Азыр
Шымкентте 300дөн ашык инвестициялык долбоор ишке ашырылууда. Өткөн жылы шаарга
770 миллиард теңге тартылган. Шаарда 140 миңге жакын чакан жана орто бизнес
объекттери иштейт. Коомчулук менен жолугушууда мамлекет башчысы мегаполистин
өнүгүү темпи тууралуу айтып берди. Бул шаар аркылуу «Батыш Европа-Батыш Кытай» транспорттук
коридору өтөт. Күрөө жолдун
аркасында шаар барган сайын стратегиялык мааниге ээ болду. Президенттин айтымында,
Казакстан эл аралык коомчулуктун жооптуу мүчөсү катары ачык соода, товарлардын
жана кызмат көрсөтүүлөрдүн эркин кыймылы принциптерин бекем карманат.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан республикасынын
президенти:
- Демек, биз өлкөбүздүн маңдайына жазылган бул
стратегиялык мүмкүнчүлүктү сарамжалдуу пайдаланышыбыз керек. Ошондуктан
Казакстан маанилүү эл аралык транспорттук-логистикалык долбоорлорду ишке ашырууга
активдүү катышууну улантууда. Менимче, биздин негизги максатыбыз баарына
түшүнүктүү. Биз тагдыр кошкон коңшу өлкөлөр менен жемиштүү жана ар тараптуу
кызматташтыкты бекемдөөнү улантуудабыз. Улуттун кызыкчылыгын баарынан жогору
коюп, байсалдуу жана олуттуу тышкы саясат жүргүзөбүз.
Касым-Жомарт Токаев дүйнө туш болгон жаңы чакырыктарга байланыштуу
пикир билдирди. Дүйнөлүк соода согушунун күчөшүнөн улам, дүйнөдө татаал кырдаал
жаралууда. Серепчилердин айтымында, өлкөлөрдүн бири-бирине каршы тарифтерди
киргизиши дүйнөлүк экономиканын төмөндөшүнө алып келиши мүмкүн. Биз учурдагы
абалды кылдат талдап, бардык тобокелдиктерди эске алабыз, - деди Президент. Башкысы-экономиканы
ар кандай кыйынчылыктардан сактоо – маанилүү.
Касым-Жомарт
Токаев, Казакстан республикасынын президенти:
- Ошондуктан өкмөт ар
кандай маселени алдын ала карап, натыйжалуу жана чечкиндүү иш алып барышы
керек. Өлкөнүн мүмкүнчүлүктөрү чоң, дарамети чоң. Үчтүн айы-жалган куран айларында
ички дүң өнүмдүн өсүшү
5,8 пайызды түздү. Бул татаал кырдаалда абдан жакшы көрсөткүч деп эч күмөнсүз
айта алабыз. Биздин улуттук экономикабыз негизинен транспорт тармагынын,
курулуш тармагынын, өнөр жай жана соода тармагынын эсебинен өнүгүп жаткандыгын
белгилеп кетким келет. Бул абдан маанилүү жетишкендик. Мындан тышкары, дүйнөлүк
каатчылык курчуп
кетсе, биздин өлкө Улуттук резервдин жана алтын-валюта фондунун мүмкүнчүлүктөрүн
пайдалана алат. Ушундай оор мезгилде биздин ишкерлер өзгөчө жигердүү иштешет
деп ишенем.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

