Президент өнөржай жана курулуш министрине быйыл атамекендик товар өндүрүүчүлөрдүн бирдиктүү реестрин түзүүнү тапшырды. Касым-Жомарт Токаев мекеменин башчысы Ерсайын Нагаспаевди кабыл алды. Министр өткөн жылы аткарылган иштердин жыйынтыгы тууралуу маалымат берди. Өткөн жылы Казакстанда жер казынасын пайдалануунун бирдиктүү платформасы ишке киргизилди. Шаар куруу долбоорлору санариптик системага өттү. Жасалма интеллекттин жардамы менен геологиялык билимдин фондун түзүү колго алынды. Мамлекет башчысы ошондой эле энергетика министри Ерлан Аккенженовду да кабыл алды. Президентке мунайды кайра иштетүүчү заводдор бир калыпта иштеп жатканы айтылды. Быйыл мунайды кайра иштетүүнүн көлөмүн 17,6 миллион тоннага жеткирүү пландалууда. Министр мунайды кайра иштетүү тармагын 2040-жылга чейин өнүктүрүү концепциясы иштелип жатканын билдирди. «Бейнеу-Бозой-Шымкент» магистралдык газ түтүгүнүн экинчи желесинин жана «Талдыкорган-Үшарал» газ түтүгүнүн курулушу улантылууда. Жолугушуунун соңунда президент отун-энергетикалык секторду өнүктүрүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

