Президент Касым-Жомарт Токаевдин Алматы
шаарына болгон иш сапары селден коргоочу дамба менен таанышуудан башталды.
Объект 2 ай мурун гана пайдаланууга берилген. Чоң Алматы дарыясынын бассейнинде
жүздөгөн сел коркунучу бар аймактар жана мөңгүлөр бар. Плотина суу каптоо
коркунучун азайтып, 500 миңден ашык адамды жана 2 миң объектини табигый
кырсыктардан корголушун камсыз кылат. Касым-Жомарт Токаев
пилоттук долбоордун алкагында орнотулган санариптик гидростанциянын объектилери
менен тааныштырылды. Бул агрегаттар суунун ылдамдыгын, температурасын жана
булуттуулугун көзөмөлдөйт. Заманбап технологиялар алдыдагы убакытта өлкөнүн 7
тоолуу аймагында ишке ашырылат.
Сырым Шарипханов, Өзгөчө кырдаалдар министри:
- Санариптик станциялар бар. Ал адамдын кийлигишүүсүз эле
морена көлдөрүнүн абалын жана көлөмүн аныктайт. Эгерде кандайдыр бир өзгөрүү
белгилүү болсо, ал тууралуу дароо кабарланат. Ошондой эле, «Казселденкоргау»
плотинасынын жумушчулары суу каналдарды бурууга тартылды. Чыпкалоочу агрегаттар
да орнотулган.
Мамлекет башчысы Алматы шаарындагы
Prometheus билим берүү уюмуна барды. Мектеп 840 окуучуга ылайыкталган. Билим
берүү мекемесин курууга 5,2 миллиард теңге инвестиция салынган. Президентке окуу жайдын класстары, табият
таануу лабораториялары, мектептеги автордук окутуу усулдары тааныштырылды. Азыр
өлкөдө жаңы окуу жылына даярдык кызуу жүрүп жатат. Анын жүрүшү тууралуу
окуу-агартуу министри билдирди.
Гани Бейсембаев, Окуу-агартуу министри:
-Класстардын, мектептердин толугу менен
жаңылоо багытында 65 пайыз мектептер жаңылоодон өткөн. Ал эми мектептерге 1000
класстын ордуна 1700 жаңы класстык бөлмөлөрдү пайдаланууга берүү пландалууда.
Быйыл 154 мектеп ишке берилет. Мындан тышкары 194 мектеп аяк оона айынын 1де
пайдаланууга бберимекчи.
Мамлекет башчысы мектеп окуучулары менен
пикир алмашып, сүйлөшүү аянтчасын түзүүгө үлгүрдү. Жолугушууда 3-класстын
окуучусу Салим Көпеев президентке өзү жасаган столдун уюштуруучусун белекке
берди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков