Казакстан - Дүйнөлүк энергетика базарындагы ири оюнчулардын бири

Казакстан - Дүйнөлүк энергетика базарындагы ири оюнчулардын бири

Казакстан дүйнөлүк энергетика рыногундагы ири оюнчулардын бири болуп саналат. Бул тууралуу «Kazinform» агенттигине эксклюзивдүү маек куруп жатып, «Шеврон» корпорациясынын Евразиялык бөлүмүнүн башкаруучу мүдүрү  Дерек Магнесс баса белгиледи. Анын айтымында, бул биздин өлкөгө аймакта да, дүйнөдө да турукташтыруучу ролду ойноо мүмкүнчүлүгүн берет. Эске сала кетсек, 30 жылдан ашык убакыт ичинде «Шеврон» Казакстандын экономикасына эң ири чет элдик инвестор болуп калды. Корпорация Тенгиз жана Карачаганак кендерин өздөштүрүү боюнча долбоорлорду өнөктөштүктө ишке ашырат.


Дерек Магнесс, «Шеврон» корпорациясынын Евразиялык бөлүмүнүн башкаруучу мүдүрү:


– Казакстандын дүйнөлүк энергетика тутумундагы ролу — аймактык да, глобалдык да — абдан чоң. Биз Каспий түтүк консорциумунун терминалы  аркылуу ташып жаткан мунай, келечекте жөнөтүлө турган газ — Кытайга болобу же коңшу өлкөлөр менен өнөктөштүктүн алкагында болобу — мунун баары өтө маанилүү. Дүйнөлүк энергетика тутумдарында Казакстан аймактык гана эмес, глобалдык масштабдагы ролду ойнойт.


Казакстандын энергетикалык мүмкүнчүлүгүнө газ да кирет. Ал эми Дерек Магнесс айткандай, көмүртектүү изи бир топ аз болгондуктан, ал келечектеги дүйнөлүк энергия балансынын негизги элементтеринин бири болот. Бул фактор өлкөнүн, анын ичинде дүйнөлүк рыноктордогу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жардам берет. «Шеврондун» Евразиялык бөлүмүнүн башкаруучу мүдүрү ошондой эле геосаясий туруксуздук шартында, 2050-жылга чейин кеминде 10% өсөт деп болжолдонуп жаткан суроо-талаптын өсүп жатканын эске алуу менен, узак мөөнөттүү өнөктөштүктүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ал эми Дерек Магнесс эсептегендей, Казакстанда инвесторлор үчүн, анын ичинде өкмөт менен түз диалог орнотууда шарттар түзүлгөн.


Дерек Магнесс, «Шеврон» корпорациясынын Евразиялык бөлүмүнүн башкаруучу мүдүрү:


– Бул туруктуулук мындан ары да бекемделип жатат. Мунун аркасында өлкөнүн жетекчилиги жана дүйнөлүк коомчулук менен өз ара аракеттенүү боюнча ырааттуу саясаты турат. Ал эми туруктуулук болгон жерге соода агымдары багытталат. Казакстан жаратылыш энергия

ресурстарына бай, бул мындан ары экономикалык өсүштүн негизи боло алат. Ортоңку коридор товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүүчүдөн керектөөчүгө, өндүрүш жайларынан суроо-талап жайларына ташуу зарылчылыгын жаратат. Казакстан үчүн бул жаратылыш ресурстары менен катар өзүнүн потенциалын, бар болгон кубаттуулугун жана эмгек резервдерин ишке киргизүү үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк.

Которгон: Назира Бегалиева