Астанада 50 өлкөнүн профсоюз өкүлдөрүнүн катышуусунда жайкы мектеп өттү

Астанада 50 өлкөнүн профсоюз өкүлдөрүнүн катышуусунда жайкы мектеп өттү

Профсоюздардын жайкы мектеби биринчи жолу Астанада өттү. 50дөн ашуун өлкөнүн делегаттары тажрыйба алмашып гана тим болбостон, актуалдуу маселелерди – жасалма интеллекттин эмгек мамилелерине тийгизген таасиринен тартып, жашыл экономикага өтүүгө чейин талкуулашты. Биздин өлкөнүн өкүлдөрү республикада жамааттык келишимдер менен ишканалардын 97% камтылганын белгилешти. Кесиптик кошуундардын жайкы мектебинин жыйыны Казакстан үчүн да, бүткүл Борбордук Азия үчүн да өзгөчө мааниге ээ. Анткени, азыркы глобалдык социалдык жана экономикалык трансформация шартында кесиптик кошуундардын ролу күч алууда. Белгилей кетсек, Эл аралык профсоюздар конфедерациясы – 169 өлкөдө 200 миллион мүчөсү бар ири жумушчулар бирикмеси.

Сатыбалды Даулеталин, Казакстан Профсоюздар федерациясынын төрагасы:

- 5 жылдын ичинде биз бардык облустарда филиалдары бар юридикалык клиника түздүк. Ал 24/7 режиминде акысыз юридикалык жардам жана консультацияларды көрсөтөт. Жөнөкөй мисал: 5 жылдын ичинде биз 247 соттук ишти утуп алдык. Биз чет элдик тажрыйбаны гана өздөштүрбөстөн, өз практикабыз менен да бөлүшкүбүз келет. Бул жерде көрсөтө турган нерселер бар.

Эстер Линч, ВЕРС МКТнин башкы катчысы:

- Бүткүл Европадан профсоюз лидерлеринин Астанага келиши эле Казакстандын эл аралык профсоюз кыймылындагы ролун тааныгандыктан кабар берет. Биз бул жерде да, Европада да маанилүү болгон маселелерди талкуулап жатабыз. Татыктуу эмгек акы, эмгек шарттары, үй-бүлөнү колдоо. Бул бизди баарыбызды бириктирип турат.

Которгон: Назира Бегалиева