Казакстан – Германия: Тараптар бир катар документтерге кол коюшту

Казакстан – Германия: Тараптар бир катар документтерге кол коюшту

Президент Франк-Вальтер Штайнмайердин республикага жасаган мамлекеттик сапары өлкөлөрдүн өз ара аракеттенүүсүнө жаңы дем берет, деп белгиледи Касым-Жомарт Токаев Германиянын делегациясын тосуп жатып. Өнөктөштүктүн келечектүү багыттары мурдагыдай эле инвестиция, энергетика, транспорт жана логистика тармактарында. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Германия Казакстандын Европа Биримдигиндеги эң маанилүү соода-экономикалык өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат. Борбор Азия республикалары менен тышкы сооданын көлөмүнүн 80 пайыздан ашыгы Казакстанга ​​туура келет.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:

- Германия Казакстандын Евробиримдиктеги негизги өнөктөштөрүнүн бири. Биз ар кандай тармактарда кызматташуубузду кеңейтүү үчүн болгон күчүбүздү жумшайбыз. Бизде азыр эле эле өз ара кызматташтыгыбызга, эл аралык уюмдардагы аракетибизге, ошондой эле геосаясий кырдаалга тиешелүү көптөгөн маселелер боюнча деталдуу, абдан ачык пикир алмашуу болду.

Ошондой эле, Касым-Жомарт Токаев немис компанияларын жашыл энергетикага инвестиция салууга чакырды. Тактап айтканда, тараптар жашыл суутекти өндүрүүчү заводдун курулушунун башталышын кубатташты. 50 миллиард доллар инвестиция салынган долбоорду немис-швед компаниясы ишке ашырууда. Энергетикадан тышкары транспорттук-логистикалык мүмкүнчүлүктөр дагы бизнес чөйрөлөрдү кызыктырууда. Өзгөчө бүгүнкү күндө Казакстан Кытай-Европа багыты боюнча транзиттик жүк ташуунун 80%ын түзгөн маанилүү аймактык хабка айланып баратканын белгилей кетүү керек. Тараптар Транскаспий эл аралык каттамынын алкагында кызматташууну өнүктүрүүгө чоң көңүл бурушту. Анын ролу, жылдан-жылга өсүүдө. Буга реалдуу сандар далил. Өткөн жылы коридор аркылуу 1,7 миллион тоннага жакын жүк ташылган, бул 2021-жылга салыштырмалуу эки эсе көп.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:

- Маңгыстау облусуна сапарга байланыштуу чечимиңизди да жогору баалайм. Бул биздин ишкердик кызматташуудагы жетишкендиктерибиздин демонстрациясы болот деп ишенем. Сиз ошондой эле деңиз портуна барганы жатасыз.

Франк-Вальтер Штайнмайер, Германиянын федералдык президенти:

- Биздин эки тараптуу мамилелердин абалы жөнүндө сиздин айткандарыңызды ырастай алам. Биз дипломатиялык мамилелерибиздин акыркы 30 жылын гана эмес, сиз айтып өткөндөй, бардык тармактарда динамикалуу кызматташтыгыбыз бар экенин да эске алабыз. Немис компаниялары Казакстанга чоң инвестиция салууда жана бул экономикалык мамилелер менен эле чектелбейт. Биз чындыгында президент мырза менен тилектешпиз жана Казакстанда жүргүзүлүп жаткан масштабдуу реформаларга сый менен карайбыз.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар бир катар документтерге кол коюшту. Алар - министрликтер менен мекемелердин ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандумдар, ошондой эле жүргүнчүлөрдү ташуу, пайдалуу кендерди биргелешип геологиялык чалгындоо жана туруктуу инженерия боюнча казак-герман институтун түзүү жаатындагы өнөктөштүк келишимдер.

Которгон: Илгиз Жамлабеков