Туруктуу
өнүгүү максаттарына жетишүү Казакстан үчүн улуттук артыкчылык болуп саналат.
Бул тууралуу Касым-Жомарт Токаев БУУнун Нью-Йорктогу саммитинде билдирди. Венгриянын
Президенти менен бирге мамлекет башчысы Лидерлердин диалогунун биринчи
сессиясына төрагалык кылды. Президент белгилегендей, бүгүнкү күндө өлкө
стабилдүү келечекке жигердүү инвестиция
салып жатат. Мамлекеттик бюджеттин 80%ы ушул максаттарга багытталган. Мындан
тышкары, акысыз билим берүү жана саламаттыкты сактоо бардык адамдар үчүн
жеткиликтүү болушу камсыз кылынган. Ошондой эле Казакстан Борбор Азия жана
Ооганстан үчүн Туруктуу өнүгүү максаттары үчүн аймактык хаб түзүүнү сунуштады.
Касым-Жомарт Токаев,
Казакстан Республикасынын президенти:
-Өз ара кызматташтыкты чыңдоо
үчүн аймактык деңгээлде «Бириккен Улуттар Уюму» принцибин бекемдөө зарыл. Ошондуктан,
биз Казакстанда Борбор Азия жана Ооганстан үчүн Туруктуу өнүгүү максаттары үчүн
аймактык хаб түзүүнү сунуштайбыз. Ал БУУнун долбоордук иш-аракеттеринин
аймактагы натыйжалуу координациясын камсыз кылат.
Президенттин айтымында, глобалдык чакырыктарды жеңүү жана
бардыгы үчүн туруктуу келечекке жетишүү үчүн тез арада биргелешкен аракеттер
керек. Жетишкендиктерге дүйнөлүк коомчулуктун биримдигинин аркасында гана
жетишүүгө болот. Ошону менен бирге президент саммиттин катышуучуларына эл
аралык каржы архитектурасына жаңы дем берүүнү сунуштады. Анын айтымында, каржы
системасы тандалган өлкөгө эле эмес, бардык мамлекеттерге бирдей таасир
тийгизиши керек. Экология, билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагындагы
көйгөйлөрдү чечүү үчүн чоң суммадагы каражат керек. Ошондой эле Касым-Жомарт
Токаев климат, азык-түлүк жана энергетикалык каатчылык туруктуу өнүгүүгө
олуттуу коркунуч туудурарын баса белгиледи.
Касым-Жомарт Токаев,
Казакстан Республикасынын президенти:
-Биз БУУнун жетекчилиги астында техникалык колдоо, илимий
изилдөө жана коркунучтарды баалоо жаатындагы эл аралык кызматташтыкты
чыңдашыбыз керек. Туруктуу өнүгүү максаттары баарыбыз үчүн жарык дүйнөгө жол
ачат. Биз биригип, аракетибизди арттырганыбыз жакшы. Казакстан туруктуу өнүгүү жаатында БУУнун
маанилүү жана натыйжалуу ролун ар дайым колдойт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков.