Казакстан учуу үчүн коопсуз өлкө. Еврокомиссия республиканын аба мейкиндигинин жана жүргүнчүлөрдү ташуудагы коопсуздук деңгээлин ушинтип баалады. Бул тууралуу Брюсселде өлкөнүн жарандык авиация түзүмдөрүнүн делегациясы Еврокомиссиянын жана учуулардын коопсуздугу боюнча Европа агенттигинин өкүлдөрү менен жолугушууда айтылды.
Ошондой эле, Еврокомиссиянын өкүлдөрү бүгүн Казакстандын авиакомпанияларында Европага каттамдарга эч кандай чектөө киргизүү коркунучу жок экенин тастыкташты. Чет элдик серепчилер 2019-жылдан бери Казакстанда ишке ашырылып келе жаткан жарандык авиацияны жөнгө салуунун европалык моделине жогору баа беришти. Өз кезегинде Казакстан учууга жарамдуулукту камсыздоо, учууларды эксплуатациялоо, аба персоналын лицензиялоо, учуу коопсуздугун башкаруу жаатында аткарылган иштерди улантат. Европалык тарап бул маселелерде ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков