Мажилистин депутаттары бүгүн кылмыш
жолу менен алынган кирешелерди адалдоого
жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча Евразиялык топ тууралуу макулдашууга киргизилген
өзгөртүүлөрдү ратификациялашты. Документ максаттарды жана милдеттерди тактайт,
ошондой эле бирикменин бюджетин түзүү жана аткаруу тартибин өзгөртөт. Келишимде
жаңы терминдер жана түшүнүктөр да пайда болду. Эми кылмыштуу кирешелерди
легализациялоого жана терроризмди каржылоого каршы күрөшүү боюнча Евразиялык
топтун мүчөлөрү да массалык кыргын салуучу куралды жайылтууну каржылоого каршы
чыгышат. Белгилей кетсек, ассоциацияга Казакстан, Беларус, Кытай, Кыргызстан,
Орусия, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Индия кирет.
Женис Елемесов, Каржылык мониторинг боюнча агенттиктин
төрагасынын орун басары:
- Протокол келишимдин
тексти «массалык
кыргын салуучу куралды жайылтууну каржылоо» деген сөздөр менен
толуктайт. Мындан тышкары, протокол
ЕАГ
бюджетин түзүү булактарын, ошондой эле башка техникалык түзөтүүлөрдү тактайт.
ЕАГге мүчө
9 мамлекеттин 7си Протоколду ратификациялады. Учурда Казакстан менен Кытай ички
ратификациялоо процедураларын жүргүзүп жатат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

