Суу ресурстары министрлигинде жаңы башкарма түзүлөт

Суу ресурстары министрлигинде жаңы башкарма түзүлөт

Казакстан Борбор Азия өлкөлөрү менен суу маселеси боюнча кызматташууну бекемдейт. Бул багыттагы кызматташтыкты чыңдоо максатында жаңы башкармалар ачылат. Алар Суу ресурстары жана ирригация министрлигинин курамында пайда болот. Анын бирөө Борбор Азия өлкөлөрү менен биргелешип иштөө маселеси боюнча алектенет. Экинчиси, Орусия жана Кытай менен кызматташууга жооптуу болот деп күтүлүүдө.

Нагима Ажигулова, КР Суу ресурстары жана ирригация министрлигинин башкарма башчысы:
- Казакстандын сугат жерлеринин 80% түштүк аймактарда жайгашкан. Ошондуктан Түштүк Азия өлкөлөрү менен кызматташууну жаңы деңгээлге көтөрүү зарыл. Мындай функциялардын бөлүнүшү биздин чет элдик кесиптештерибиз менен кызматташууну чыңдоого жана конкреттүү милдеттерди чечүүгө жардам берет. 

Эскерте кетсек, жакында Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан Сырдарыя менен Амударыя бассейндериндеги суу сактагычтардагы иштерди пландаштыруу, болжолдоо боюнча протоколго кол коюшту. Мындан тышкары, Борбордук Азия өлкөлөрү келерки жылдын вегетация мезгилине, башкача айтканда, өсүмдүктөрдүн өсүү мезгилине жараша суу топтоонун чеги белгиленди. Буга байланыштуу келерки жылдын чын куран айынын 1не чейин Шардара суу сактагычында 11 миллион кубометр суу, ал эми «Достук» мамлекеттер аралык каналында 487 миллион кубометр суу топтолору күтүлүүдө.  Ошентип, Түркестан жана Кызылорда облустарында вегетация мезгилинде жетиштүү көлөмдө суу топтоп, Арал деңизине кошумча 1 жарым миллиард кубометр суу жөнөтүүгө мүмкүн болот.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков