Касым-Жомарт Токаев шахматчы Меруерт Камалиденованы шахмат боюнча дүйнө кубогунун тандоо этабында ийгиликтүү ойногону менен куттуктады. Батумиде казакстандык спортчу атактуу атаандаштарын ийгиликтүү жеңип алды. Мамлекет башчысы Меруерт Камалиденова өсүп келе жаткан муун үчүн жаркын үлгү экенин жана өзүнүн жетишкендиктери менен шыктандырарын белгилеп, ага финалда ийгилик каалады. Касым-Жомарт Токаев эл аралык предметтик олимпиадаларда өлкөнүн атын чыгарган казакстандык окуучуларга да куттуктоо телеграммасын жөнөттү. Сегиз окуучу биринчи жолу Барселонада өткөн Эл аралык STEM-олимпиадасынын гранд-финалына чыгып, илим жана математика категориялары боюнча дароо 13 медаль жеңип алышты. Бириккен Араб Эмираттарында өткөн химия боюнча эл аралык олимпиадада да казакстандыктар ийгиликке жетишти. Эскерте кетсек, ал жерде команда төрт сыйлыкка ээ болушту. Президент окуучулардын жаркын ийгиликтери өлкө үчүн тарыхый жетишкендик жана атамекендик билим берүү тармагынын динамикалуу өнүгүшүнүн жаркын далили экенин баса белгиледи.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

