Казакстанда жаңы Конституциянын долбоору жөнүндө сайт ишке кирди

Казакстанда жаңы Конституциянын долбоору жөнүндө сайт ишке кирди

«Адилеттүү жана Прогрессивдүү Казакстандын Элдик Конституциясы үчүн!» аттуу жалпы улуттук коалициясынын сайты ишке кирди. Сайт алдыдагы референдумга жана Жаңы Баш мыйзам долбооруна арналган. Бул жерде казакстандыктарга сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдүн мазмуну менен таанышууга мүмкүнчүлүк берген түшүнүктүү жана жеткиликтүү маалыматтар бар. Башкы бетте негизги мыйзам долбоорунун толук тексти турат. Ошондой эле актуалдуу материалдар, серепчилердин пикирлери жана Коалициянын аймактардагы ишине байланыштуу жаңылыктар туруктуу түрдө жарыяланып турат. Платформанын түзүмү колдонуучуларга андагы маалыматтарды оңой багыттап, алдыдагы добуш берүүгө байланыштуу суроолоруна жооп табууга ыңгайлуу кылып жасалган. Маалыматты кабыл алуунун ыңгайлуулугуна өзгөчө көңүл бөлүнүп, бет параметрлерин өз каалоосу боюнча өзгөртүү мүмкүнчүлүгү каралган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков