Бүгүн Акордада Казакстан менен Евробиримдиктин кызматташтыгын өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды. Касым-Жомарт Токаев Евробиримдиктин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү – Еврокомиссиянын вице-президенти Жозеп Боррелл менен жолугушту. Тараптар эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер жана Борбордук Азия мамлекеттеринин аймактык өз ара аракеттенүүсү боюнча пикир алышты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков