Акыркы
жылдары Казакстан менен Катар эки тараптуу жана көп тараптуу күн тартибинин
бардык багыттары боюнча олуттуу ийгиликтерге жетишти. Ошондой эле бекем мыйзамдык база
түзүлүп,
бир катар ири инвестициялык долбоорлор ишке ашырылды. Бул тууралуу Касым-Жомарт
Токаев Катар мамлекетинин элчиси Абдалла бен
Хусейн Джабер
менен жолугушууда билдирди. Президент
Катарды бирдиктүү максаттар жана идеалдар менен бириктирилген Казакстандын эң
жакын өнөктөштөрүнүн бири катары атады. Мамлекет башчы Астанада өтө турган ШКУ-нун
саммитин колдоп, ардактуу конок катары катышуу ниети үчүн Катардын Эмири шейх
Тамим бен Хамад Аль Таниге ыраазычылыгын билдирди. Өз кезегинде элчи Доха эки
өлкөнүн ортосундагы көп кырдуу кызматташтыкты мындан ары интенсивдүү
өнүктүрүүгө умтулаарын ырастады. Муну менен катар тараптар соода-экономика,
энергетика жана саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматташуунун келечегин
талкуулашты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков