Санариптик технологиялар суу ресурстарын натыйжалуу
башкарууга жардам берет. Сууну жоготууну кантип азайтуу жана үнөмдөөчү
технологияларды киргизүү маселесин Борбор Азия, Азербайжан жана Түркиянын серепчилери,
ошондой эле эл аралык уюмдардын, министрликтердин, илимий институттардын,
IT-компаниялардын өкүлдөрү Астанада талкуулашты. Бул жерде суу ресурстарын
санариптештирүү жана туруктуу башкаруу боюнча аймактык тренинг болуп өттү. Катышуучулар
өздөрүнүн өлкөлөрүндө сыналган сууну үнөмдөөчү технологияларды сунушташты. Алар
тамчылатып сугаруу жана жамгырлатып сугаруу, талааларды лазердик тегиздөө, жер
астындагы жана дренаждык сууларды пайдалануу.
Акмаль Акрамханов, Жер ресурстарын туруктуу башкаруу
боюнча ага
илимий кызматкер, Өлкө
Координатору, Өзбекстан:
- Тегиз жерлерде лазердик пландоо
менен сууну 20дан 30%га чейин үнөмдөөгө болот. Анын үстүнө, эгерде тамчылатып
сугарууну колдонсоңуз, сууну үнөмдөө өтө чоң пайызга жетиши мүмкүн. Андан
тышкары, санариптештирүүнү колдонуу менен дыйкандарга качан жана канча сугаруу
керектигин көз менен өлчөбөстөн, жардам берүү үчүн тиркеме иштеп чыгууга болот.
Казакстан дагы тажрыйбасы менен бөлүштү. Санариптик
чечимдердин бири - суу ресурстарынын улуттук маалымат системасы. Иштеп
чыгуучулар айткандай, платформа ачык-айкын эсепке алууну камсыздайт, башка
мамлекеттик системалар менен интеграциялоо аркылуу маалыматтардын кайталанышын
жок кылат жана суунун жетишсиздиги шартында башкаруунун натыйжалуулугун
жогорулатат. Ошондой эле трансчегаралык суу объектилеринин абалына көз салууну
камсыздайт жана эл аралык өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүүгө көмөктөшөт.
Мисалы, Орусия, Өзбекстан жана Тажикстан трансчегаралык каналдар боюнча
маалыматтар менен бөлүшөт. Мындан тышкары, 2026-жылы Түркестан, Жетису, Жамбыл,
Кызылорда облустарындагы 103 каналды автоматташтыруу пландаштырылууда.
Жанузак Абдибаев, «Казводхоз» РМКсынын
санариптештирүү департаментинин башкы
серепчиси:
- Астанада бирдиктүү диспетчердик
борбор түзүлөт. Биз бул жерден мониторинг жүргүзөбүз, башкача айтканда, аймактар
канча суу алып жатканын, маалыматтар бүт өлкө боюнча болот. Алынган маалыматты,
ошондой эле кошумча метеорологиялык маалыматтарды колдонуп, биз аларды
пландаштыруу жана талдоо үчүн колдоно алабыз.
Ислам азык-түлүк коопсуздугу уюмунда биргелешип иштөө
менен гана кыйынчылыктарга туруштук берүүгө болот деп айтышат. Бул үчүн бекем
өнөктөштүк куруу зарыл. Ал технологияларга жана билимге негизделип, аларды
өлкөдөн өлкөгө өткөрүп туруу керек.
Исмаил Абдельхамид, Ислам азык-түлүк коопсуздугу
боюнча уюмунун долбоорлор боюнча департаментинин мүдүрү:
- Жаңы жана инновациялык технологияларды, мисалы, тамчылатып сугарууну киргизүүнүн башкы максаты – сууну аз сарптоочу системаларга өтүү. Азыркы учурда суу ресурстарын санариптештирүү багыты да активдүү өнүгүүдө, бул аграрийлерге колдонулган суунун сапатын көзөмөлдөөгө жана баалоого мүмкүндүк берет. Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жашоочулары жаңы технологиялар менен таанышууда. Эртең алар башка мамлекеттерге өз тажрыйбасын өткөрүп бере ала турган адистер болуп калышат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

