Улуттук курама Париж олимпиадасына 50 жолдомо утуп алды

Улуттук курама Париж олимпиадасына 50 жолдомо утуп алды

Казакстандын курама командасында жайкы Париж Олимпиадасына азырынча 50 лицензия бар. Республиканын тармактык министрлиги анын катары дагы да толуктала тургандыгына ишенет. Төрт жылда бир келүүчү негизги спорттук мелдешке 3 айга жетпеген убакыт калды. Ага чейин жолдомо үчүн 40тан ашык дүйнөлүк жана континенталдык мелдеш өткөрүлөт. Маселен, чын куран айында ата мекендик спортчулар 18 жолдомо утуп алса, бугу айында 20 лицензия алууну көздөшүүдө. Атайын даярдык штабы да түзүлдү. Депутаттар улуттук кураманын Олимпиадага даярдык жүрүшү менен таанышты.

Ардак Назаров, Парламент Мажилисинин депутаты:

- Медалдардан, өзгөчө алтындан үмүтүбүз чоң. Мушкерлерибизден, балбандарыбыздан күтөбүз. Убакыт өтө аз калды. Ошол аз убакытты пайдаланып, психологиялык жактан да, медициналык жактан да ар тараптуу даярдануу үчүн көп эмгек, көп мээнет керек.

Эске сала кетсек, Париж Олимпиадасы теке айынын 26нан баш оона айынын 11не чейин өтөт. Дүйнөнүн бардык булуң-бурчунан 10 миңдей атлетчи спорттун 32 түрү боюнча ат салышат.


Которгон: Илгиз Жамалбеков