Казакстандын Президенти Кытайдын Гонконг атайын административдик районунун администрация башчысы менен жолугушту. Касым-Жомарт Токаев Джон Линин визитинин өзгөчө маанилүүлүгүн баса белгилеп, анын Казакстан менен Гонконгдун, ошондой эле кеңири контекстте Казакстан менен Кытайдын ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты чыңдоого жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарына ишеним билдирди. Мамлекет башчысы ошондой эле Гонконгдун дүйнөдөгү алдыңкы финансылык жана ишкердик борборлордун бири катары уникалдуу ролун белгиледи. Тараптар инвестицияларды тартуу, инновацияларды жана заманбап технологияларды киргизүү маселелерин талкуулап, соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары бекемдөөгө болгон өз ара кызыгуусун ырасташты.
Которгон: Назира Бегалиева

