К. Токаев Доха форумунун панелдик сессиясына катышты

К. Токаев Доха форумунун панелдик сессиясына катышты

Бириккен Улуттар Уюму реформалоого муктаж. Бул тууралуу Казакстандын Президенти Доха форумунун панелдик сессиясында билдирди. «Диалог, дипломатия жана ар түрдүүлүк» темасында өткөн иш-чарага Касым-Жомарт Токаев ардактуу конок катары катышты. Мамлекет башчысы эл аралык уюмдун натыйжалуу ишмердигинин мааниси жана убакыттын өтүшү менен орто державалардын ролу өсүп жаткандыгы тууралуу айтты. Президент ири державалардын ортосунда мунаса болушу керектигине көңүл бурду. Алардын келишимге келе албагандыгынын кесепетинен коопсуздук кеңеши туңгуюкка кептелди. Казакстан сыяктуу орто державалар аймактык деңгээлде, ошондой эле глобалдык мейкиндикте тынчтыкты жана коопсуздукту илгерилетүүдө абдан маанилүү ролду ойной алат. Касым-Жомарт Токаев дүйнөлүк соодадагы чыр-чатактарга карата мамилесин билдирди. Ошондой эле, Казакстандын тышкы саясаты, өлкөнү өнүктүрүүдөгү жаштардын ролу боюнча өз позициясын билдирди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков