Казакстан China International Import Expo көргөзмөсүнө катышты

Казакстан China International Import Expo көргөзмөсүнө катышты

Казакстандын электрондук жана каржылык кызмат көрсөтүүлөр, чек ара соодасын өнүктүрүү, тартымдуу инвестициялык климатты түзүү сыяктуу ар түрдүү тармактардагы жаңы жетишкендиктерин атамекендик делегация Шанхайдагы VII Кытай Эл аралык импорт көргөзмөсүндө тааныштырды. Анын ачылышына өкмөт башчы Олжас Бектенов, ошондой эле Кытай, Малайзия, Өзбекстан, Монголия жана Сербиядан келген кесиптештери катышты. Бул көргөзмөдө Казакстан 2 бирдей павильонду сунуштады. «Жаңы доор, жалпы келечек» аттуу улуттук павильонунда ата мекендик иштеп чыгуучулардын стартаптары көрсөтүлдү. Ал эми коммерциялык павильондо 50гө жакын казакстандык товар өндүрүүчүлөр өз өнүмдөрүн онлайн түрдө сатышты. Электрондук сооданын алгачкы сааттарында эле жергиликтүү ишканалар 22 миң доллар пайда көрдү. Белгилей кетсек, павильон быйыл эки эсеге көбөйдү. Бул жолу анын аянты 260 чарчы метрди түздү. Жыл сайын эл аралык көргөзмөгө 300 миңден ашуун Кытай сатып алуучулары катышат.

Арман Шаккалиев, соода жана интеграция министри:

- Кытайдын салттуу эл аралык көргөзмөсү биз үчүн уникалдуу платформа болуп саналат. Мындай масштабдуу иш-чаранын алкагында биздин өндүрүүчүлөр өз дараметин толук ачып, өнүмдөрүн кеңири тааныштырышат жана кытайлык өнөктөштөр менен кызматташууну тереңдетүүгө жаңы дем берет деп ишенебиз. Биз 50дөн ашык казакстандык компанияларды алып келдик. Алар май, суусундуктар, бал, эт азыктары жана текстиль сыяктуу ар кандай өз өнүмдорүн сунушташты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков