Казакстан Сеулда Alatau City долбоорун тааныштырды

Казакстан Сеулда Alatau City долбоорун тааныштырды

Казакстан Түштүк Кореядагы роуд-шоуда Alatau City жаңы инновациялык шаарынын долбоорун тааныштырды. Премьер-министрдин орун басары Канат Бозумбаев уникалдуу демилгени дараметтүү инвесторлорго жана өнөктөштөргө сунуштады. Акылдуу шаар келечекте технологиялык компаниялардын жана экспортко багытталган өндүрүштөрдүн борборуна айланмакчы. Алматы облусунун негизги транспорттук коридорлорунун тарабында жайгаша турган шаардын жалпы аянты 88 миң гектарды түзөт. Бүткүл аймагы атайын экономикалык аймактын курамына киргизилген. Бул жерде бизнес үчүн салыктык жеңилдиктер каралган.

Президенттин атайын жарлыгы менен Алатау шаарына өнүгүү темпи алдыңкы шаар деген ааталыш макамы берилди. Өкмөт жанынан аны башкаруу кеңеши түзүлдү. Форумдун алкагында Казакстан менен Түштүк Кореянын ортосунда энергетика, транспорт, билим берүү жана туруктуу өнүгүү тармактарында меморандумдарга кол коюлду. Алардын ичинде - жашыл өсүүнүн глобалдык институту менен, Кореялык аэропорттор корпорациясы менен жана KAIST келишимдери бар. Тараптар эки тараптуу кызматташтыктын оң динамикасын белгилешти. Былтыр Корея Казакстандын негизги соода өнөктөштөрү арасында 10-орунга, ал эми инвестициялар көлөмү боюнча 3-орунга чыкты. Катышуучулар биргелешкен демилгелерди андан ары өнүктүрүүгө жана экономикалык өнөктөштүктү тереңдетүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Которгон: Илгиз Жамалбеков