Президент экономика маселелерине байланыштуу жумушчу жыйын өткөрдү

Президент экономика маселелерине байланыштуу жумушчу жыйын өткөрдү

Президент Касым-Жомарт Токаевдин төрагалыгы астында Коопсуздук Кеңешинин Экономикалык маселелер боюнча жумушчу жыйыны өттү. Жыйында тарифтик чыр-чатактардан улам дүйнөлүк рыноктогу кырдаалдын өзгөрүшүнө байланыштуу өлкөнүн иш-аракеттер планы талкууланды. Президент ар кандай кырдаалга даяр болуу керектигин баса белгиледи. Өкмөттүн милдети-калктын бакубаттуулугунун, экономикалык өсүштүн темпинин жана инвестициялардын көлөмүнүн төмөндөшүнө жол бербөө. Ири инфраструктуралык долбоорлор жана санариптештирүү пландары артыкчылыктуу багыттар болуп кала берет. Жыйында мамлекеттин каржылык туруктуулугун сактоого жана акча-насыя саясатын ишке ашыруу механизмдерин өркүндөтүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Кеңешменин соңунда Президент тиешелүү органдарга бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков