Казакстандын ИДӨсүнүн 7 айындагы өсүшү 6,3 % түздү

Казакстандын ИДӨсүнүн 7 айындагы өсүшү 6,3 % түздү

Казакстанда 2029-жылга чейин ИДӨнү эки эсеге көбөйтүүгө ниеттенүүдө. Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча максаттуу көрсөткүчкө жетишилди. Бул багыттагы иштер улантылууда. Анын ичинде инвестициялардын агымын стимулдаштыруу, эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу жана экономиканын чийки эмес секторун кеңейтүү аркылуу. Президенттин тапшырмаларынын аткарылышынын жүрүшү жана өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жети айлык жыйынтыгы Өкмөттө талкууланды. Көрүлүп жаткан чаралардын аркасында отчеттук мезгилде негизги капиталга инвестициялар көбөйгөнү белгиленди. Өлкөдө чийки затты терең кайра иштетүүгө жана чектеш тармактарды өнүктүрүүгө басым жасоо менен экономиканы диверсификациялоо боюнча чоң иштер жүргүзүлүүдө. Натыйжада бир катар тармактарда көрсөткүчтөр кыйла өстү.


Серик Жумангарин, Премьер-министрдин орун басары - улуттук экономика министри:


- Үстүбүздөгү жылдын үчтүн айы-теке айларынын жыйынтыгы боюнча экономикалык өсүш 6,3%ке жетти. Реалдуу сектордо өсүш 8,3%ти түздү. Кызмат көрсөтүү өндүрүшү 5,2%ке өстү. Негизги драйверлер болуп транспорт - 22,5%, курулуш - 18,5% жана соода - 8,6% болуп саналат. Тоо-кен өнөр жайында өсүш уланып, 8,5%ти түздү, кайра иштетүү секторунда да жакшы көрсөткүчтөр – 6%дан ашык болду.

Которгон: Назира Бегалиева