Жашыл экономика: Казакстандык экспортчулар ЕБдин жаңы климаттык талаптарына даярданууда

Жашыл экономика: Казакстандык экспортчулар ЕБдин жаңы климаттык талаптарына даярданууда

Евробиримдик Казакстандын ири соода өнөктөштөрүнүн бири бойдон калууда, анын үлүшүнө өлкөнүн экспортунун 44% туура келет. Ошол эле учурда казакстандык алюминий экспортунун жарымынан көбү Европа рыногуна жөнөтүлөт. Евробиримдиктин жаңы экологиялык талаптарына ыңгайлашуу жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн өнүмдөрүнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуунун шарты болуп эсептелинерин Соода жана интеграция министрлигинин, ошондой эле «QazTrade» өкүлдөрү белгилешет. Бул CBAM трансчек аралык көмүртек жөнгө салуу механизмине тиешелүү. Ал Европа рыногуна импорттолгон өнүмдүн көмүртек изин эсепке алууну карайт. Белгилей кетсек, жаңы эрежелер алюминий, темир жана болот өндүрүүчүлөргө таасирин тийгизет. Серепчилердин айтымында, аларга өз убагында системалуу даярдык жергиликтүү ишканаларга Евробиримдик рыногунда туруктуу позицияларын сактап калууга мүмкүндүк берет. Ошондуктан, адистер белгилешкендей, өлкөдө бизнести жаңы «жашыл» талаптарга ыңгайлаштыруу боюнча иштер жүрүп жатат. Бул теманы Астанада өткөн конференцияда тармактын өкүлдөрү, ЕБ, тиешелүү министрликтер, бизнес жана талдоочулар талкуулашты.


Ержан Шакаргалиев, «QazTrade» Соода саясатын өнүктүрүү борборунун тарифтик жана тарифтик эмес чаралар боюнча тобунун жетекчиси:

– Биз да өз тарабыбыздан иш-чараларды өткөрдүк. Өткөн жылы биздин өндүрүүчүлөрдүн бул талаптар жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу боюнча бир нече иш-чараларыбыз болду. 2024-жылы Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюму менен биргеликте бардык бул талаптар жана ишканаларга эмне кылуу керектиги жөнүндө сунуштар жазылган методикалык колдонмо даярдалып, иштетилип чыгып, сунушталды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков