Президенттикке талапкерлер өз тандоолорун жасашты

Президенттикке талапкерлер өз тандоолорун жасашты

Ал казакстандыктар өлкөнүн жаркын келечеги үчүн өз добуштарын беришерин белгилеп өттү.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:

Негизи быйылкы жыл оңой болгон жок. Бирок элибиз ынтымактуу болуп, бардык кыйынчылыктарды жеңип чыкты. Эми биздин алдыбызда масштабдуу милдеттер жана максаттар турат. Жасай турган иштер көп.

Мамлекет башчылыгына талапкер Жигули Дайрабаев да өз тандоосун жасады. «Казакстан фермерлер союзу» бирикмесинин жетекчиси өлкөнүн келечегине ишенерин баса белгиледи.

Бүткүл элдик социал-демократиялык партиянын атынан саясий атаандаштыка катышкан Нурлан Ауесбаев, өз командасына эмгеги үчүн ыраазычылык билдирди.

Добуш берүүдөн кийин журналисттердин алдына чыккан Каракат Абден шайлоодон кийин өлкөнүн өнүгүүсүнө өзгөчө үмүт артарын билдирди.

Каракат Абден, Казакстандын президенттигине талапкер:

Бардык адамдар үй-бүлөсү менен бирге өлкөнүн келечеги үчүн добуш берүүгө даяр. Өлкөбүз мындан ары да гүлдөп, жакшы жана жаркын келечекке жол ача берерине чоң үмүтүм бар.

Ал арада кезексиз президенттик шайлоодо президенттикке талапкер Мейрам Кажыкен эл дагы, өлкө дагы өзгөрүүлөрдү күтүп жатканын билдирди. Салтанат Турсынбекова да өз шайлоо участкасында тандоосун жасады. Талапкер үгүт программасынын алкагында өлкөнүн 12 облусун кыдырып, алдыдагы максаттары менен тааныштырып, келечекте жарандардын укугун коргоого ниети бар экенин билдирди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков