Казакстанда энергетика тармагын модернизациялашат

Казакстанда энергетика тармагын модернизациялашат

Казакстан Өкмөтү көмүр генерациясын өнүктүрүү боюнча улуттук долбоорду иштеп чыгууга киришти. Премьер-министр жооптуу министрликтерге бул ишти бир айдын ичинде бүткөрүүнү тапшырды. Программада айлана-чөйрөнү коргоого багытталган «таза көмүр» технологияларына басым жасалат. Планга жалпы кубаттуулугу 7,6 гигаватт болгон долбоорлор кирет. Белгилей кетсек, Мамлекет башчысы Улуттук курултайдын бешинчи отурумунда Өкмөткө көмүрдүн экологияга тийгизген зыяндуу таасирин азайтып, заманбап технологиялар аркылуу мүмкүн болушунча натыйжалуу пайдаланууну тапшырган эле.

Олжас Бектенов, Казакстан Премьер-Министри:

–  Буга байланыштуу «Самрук-Казына» фондуна үчтүн айынын аягына чейин Көкшетау, Семей жана Өскемен шаарларында жылуулук электр борборлорун куруу долбоорлорун ишке ашыруу боюнча келишимдерди бекитүүнү тапшырамын. Курулуш иштерине алдыдагы чын куран айында киришүү керек. 2-ГРЭСти кеңейтүү боюнча курулуштун жүрүшүн өзгөчө көзөмөлгө алуу зарыл. Быйыл Курчатовдогу ЖЭБ жана Экибастуздагы 3-ГРЭС долбоорлорунун техникалык документациясын даярдоо  кажет.

Президент Курултайда жаңы кен чыккан жерлерди издөө аркылуу жаратылыш газынын мүмкүнчүлүгүн дагы күчөтүүнү тапшырган болчу. Учурда аталган багытта 515 млрд куб метр көгүлтүр отунду алдын ала ресурстук баалоо менен жер казынасынын 14 участогунда иштер жүргүзүлүүдө.

Ерлан Аккенженов, Энергетика министри:

Орто мөөнөттүү келечекте геологиялык чалгындоо портфелин газдын ресурстук баасы болжол менен 1,7 триллион куб метрди түзгөн 30 участоктон ашык аймакка чейин кеңейтүү каралууда. Бул өндүрүштү көбөйтүүгө жана болжолдонгон ички суроо-талапты канааттандыруу үчүн туруктуу негиз түзүүгө мүмкүндүк берет. Ошол эле учурда инвестициялык ишмердүүлүктү жандандыруу жана геологиялык тобокелдиктерди бөлүштүрүү максатында жер казынасынын 50гө жакын участогун электрондук аукциондорго чыгаруу мерчемделүүдө.

Министр өлкөдө суу-энергетикалык ресурстардын бирдиктүү санариптик картасы иштелип жатканын билдирди. Бул долбоор Улуттук деңгээлдеги электрондук системага киргизилет. Платформа өлкөнүн гидрологиялык, топография, инфраструктуралык жана укуктук маалыматтарын камтыйт. Мындан тышкары, санариптик карта оптималдуу долбоордук чечимдерди калыптандырууга, келечектеги станциялардын көрсөткүчтөрүн эсептеп, даярдык мөөнөттөрүн кыскартууга мүмкүндүк берет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков