Жасалма
интеллект жашоонун чындыгына айланды. Ал адамзаттын жашоо образын таптакыр
башка жакка буруп, жашообузду түп-тамырынан бери өзгөрттү. Жасалма интеллект
системасы дүйнөлүк экономикалык процесстерге оң таасирин тийгизет. Серепчилердин
айтымында, анын үлүшү дүйнөлүк ИДӨнүн төрттөн бир бөлүгүн түзөт. Ошондуктан бул
технологияны кеңири колдонуу Казакстандын тез өнүгүшүнө жаңы дем берет. Бул
тууралуу Касым-Жомарт Токаев бүгүн «Digital Bridge» IT тармагынын акыркы
тенденциялары жана өнүгүү дарамети талкууланган Борбор Азиядагы эң ири форумда
билдирди.
Касым-Жомарт
Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:
-Жасалма
интеллектти колдонуу чөйрөсүн жана аны өнүктүрүүнүн милдеттери менен каражаттарын
аныктаган стратегиялык документти кабыл алуу зарыл. Бул алдыңкы эл аралык тажрыйба.
Мындай кадам өлкөнүн техникалык прогрессинин туруктуу векторун белгилөөгө
мүмкүндүк берет. Биз биринчи кезекте жасалма интеллект технологияларын
мунай-газ тармагы, энергетика, айыл чарба, транспорт жана логистика сыяктуу
экономикабыз үчүн маанилүү тармактарга киргизүүгө басым жасашыбыз керек деп
эсептейм.
Жаңы
технологиялык чечимдерди колдонуу менен жөнгө салуу чөйрөсүн эстен чыгарбоо
керек. Бул үчүн мыйзамдык базаны иштеп чыгуу зарыл экендигин Мамлекет башчысы
белгиледи. Бул Казакстандын рыногуна эл аралык компанияларды тартат. Президент
өкмөткө эки жылдын ичинде дата-борборлорду курууну камсыздоону тапшырды. Бул
жараянга глобалдык оюнчуларды - Amazon, Google, Mastercard жана Citigrouр
сыяктуу ири компанияларды тартууга
болот. Кийинки кадам - жасалма интеллект үчүн чоң маалыматтардын
экосистемасын иштеп чыгуу.
Касым-Жомарт
Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:
-Кийинки жылы
Жасалма интеллект боюнча улуттук платформа ишке кирет. Ал мамлекеттин жана ири
бизнестин маалыматтарын бириктирип, алардын актуалдуулугун жана
жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга тийиш. Бул чаралардын бардыгы биздин
стартаптарга жасалма интеллекттин элементтерин колдонуу менен Казакстанда жана
бүткүл дүйнөдө суроо-талапка ээ болгон жаңы IT чечимдерди түзүүгө мүмкүндүк
берет.
2025-жылга чейин 5G тармагын кеңири масштабда ишке ашыруу, венчурдук капитал рыногун өнүктүрүү, Назарбаев университетинин Интеллектуалдык системалар жана жасалма интеллект институтун толук кандуу илимий-изилдөө институтуна айландыруу инновацияны өнүктүрүүдөгү дагы бир маанилүү кадам болот. Ал мыкты адистерди тарта турган бирдиктүү экосистеманын калыптанышына түрткү берет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков