Казакстанда ата мекендик
телесериалдарды өндүрүү бир топ көбөйдү, аларды чет өлкөлөргө таратуу иштери
системалуу түрдө жүрүп жатат. Бул тууралуу президент менен жолуккан маалымат
жана коомдук өнүктүрүү министри билдирди. Ошондой эле, Дархан Кыдырали министрлик
өз ишинде медиа сабаттуулукту жогорулатууга жана жарандык коом менен алаканы
жандандырууга чоң маани берерин айтты. Мамлекет башчысы министрлик бардык
деңгээлдеги жарандык коом институттары менен байланышты күчөтүп, ар бир
тармактагы актуалдуу маселелер боюнча коомчулук менен кеңири талкууга ачык
болушу керектигин белгиледи. Мындан тышкары, Касым-Жомарт Токаев Дархан Кыдыралиге жаштар саясатына байланыштуу
программаларды натыйжалуу ишке ашырууну, диний бирикмелердин жана этностор
аралык мамилелердин багыттарына өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков