Экзит-поллдун жыйынтыгы жарыялангандан кийин президенттикке талапкер Касым-Жомарт Токаев Республикалык коомдук штабга барып, коалицияга ага чоң ишеним көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирди. Касым-Жомарт Токаев, Республикалык коомдук штабдын мүчөлөрүнүн алдында сүйлөгөн сөзүндө бүгүн өзгөчө жана тарыхый өнөктүк болгонун айтып өттү. «Эгерде биз күчтүү мамлекет курабыз десек, биринчи кезекте адилеттүүлүктү орнотуу керек, ансыз реформа болбойт», - деп баса белгиледи. Касым-Жомарт Токаев тарапкерлери менен шайлоочуларды бир эл, бир коом болуп чогуу аракеттенүүгө чакырды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков