Суу-энергетикалык коопсуздук регионалдык күн тартибиндеги эң актуалдуу маселелердин бири болууда. Өлкөлөр Борбордук Азия регионунда гидро-жана энергетикалык ресурстардын тартыштыгын болтурбоо боюнча заманбап, натыйжалуу чараларды биргелешип иштеп чыгуулары зарыл. Бул тууралуу жакында эле Бакуда өткөн СОР-29 климаттык конференциясынын жыйынтыктарын талкуулоого багытталган пикир алмашуу аянтчасында серепчилер билдиришти. Мындан тышкары, тармактын адистери суунун тартышты айыл чарба тармагына да терс таасирин тийгизип жатканын белгилешти. Дал ушул кургакчылык каптаган жерлерде дыйканчылык жана мал чарбачылыгы күмөндүү болору анык. Дыйкандар нымдуулукту үнөмдөйбүз деп өнүмдүн сапатын азайтып, чыгымга учурашат. Борбор Азия университетинин ректору Кристофер Герринин айтымында, азыркы кырдаал Тез арада чара көрүүнү талап кылат. Бул жердеги реалдуу кадам-өлкөлөр бул багытта тыгыз, көп тараптуу дипломатияны орнотуп, бирдиктүү мамилелерди жана механизмдерди иштеп чыгышы керек.
Кристофер Герри, Борбор Азия университетинин ректору:
- Башкача айтканда, бул өлкөлөрдүн өз-ара карым-катнашын
кайра карап чыгуу зарыл. Анткени кээ бир келишимдер азыркы учурдун талаптарына
жооп бербейт. Учурдагы геосаясий кырдаал мамлекеттер ортосундагы сүйлөшүүлөргө, суу жана энергетика
боюнча ишенимди калыбына келтирүүгө мүмкүндүк берет. Албетте, бардык өлкөлөрдүн
аны менен кошо утула турган жактары да болот. Ошондуктан, балким, жалпы пикирге
келүү керек. Азыр биз суу
дипломатиясын орнотуу долбоорлоруна байланыштуу аймактын жана дүйнөнүн
донорлору менен иштешип жатабыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

