Казакстандын жаңы Конституциясы эл аралык коомчулуктун
кызыгуусун жаратып жатат. Дипломатиялык корпустун өкүлдөрү Баш мыйзам
республиканын саясий өнүгүүсүнүн жаңы этабын баштаганын белгилешүүдө. Алардын айтымында,
негизги документ жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоону күчөтүүгө,
мамлекеттик институттардын натыйжалуулугун жогорулатууга жана демократиялык
принциптерди мындан ары бекемдөөгө багытталган. Чет элдик өнөктөштөр
Казакстандагы кийинки саясий процесстерди да кылдаттык менен байкап жатышат. Алар
негизги этаптардын катарына шайлоолорду жана Курултайдын жаңы курамын түзүүнү
бөлүп көрсөтүштү. Ошондой эле, өлкө менен кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө
даяр экендигин тастыкташат.
Андреа Бахер, Австриянын Казакстандагы Атайын жана
Ыйгарым укуктуу Элчиси:
– Австрия
парламенти Курултайдын жаңы мүчөлөрү менен мүмкүн болушунча тез арада өз ара
аракеттенүүнү жолго коюуга кызыкдар. Австриялык парламенттик достук тобунун
Астанага сапары ушул жылдын аяк
оона айынын аягына пландаштырылууда. Биз
Казакстандын Курултайы менен тыгыз кызматташуубузду анын жаңы курамында мүмкүн
болушунча тезирээк улантабыз деп ишенебиз.
Исмат Джахан, Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча
кеңешмесинин серепчиси:
– Бул
абдан маанилүү жана өз убагында жасалган кадам деп эсептейм. Казакстан эли өз
тандоосун жасап, эркин билдирди, муну биз референдумда көрдүк. Менин билишимче,
жаңы Конституция күчүнө кире баштады, башкача айтканда, жаңы эрежелер күчүнө
кирет. Учурдан пайдаланып, Казакстан элин ушул маанилүү окуя менен куттуктагым
келет!
Которгон: Илгиз Жамалбеков

