Казакстанда
жакынкы үч жылда геологиялык чалгындоого байланыштуу 20 ири долбоор ишке
ашырылат. Бул жез, алтын, коргошун, цинк, сейрек кездешүүчү жер элементтери,
барит, боксит кендерин табуу боюнча дарамети жогору аянттар. Долбоорлорго жерди
аралыктан зонддоо маалыматтарын талдоо, аэрогеофизикалык жана геохимиялык
изилдөөлөр, талаа иштери комплекси кирет. Планга ылайык, 100 миң чарчы чакырым
аянтта 1:50.000 масштабдагы геологиялык сүрөткө тартуу жүргүзүлөт. Бул заманбап
ыкма геологиялык божомолдордун тактыгын арттырууга мүмкүндүк берет. Бул аз
изилденген чөкмө бассейндеринин аймагында сейсмикалык чалгындоо жүргүзүп,
геологиялык инфраструктураны түзүүгө 240 млрд теңге багытталды. Ошондой эле,
лабораториялык-талдоо базасын жаңыртуу жана геологиялык маалыматтарды
санариптештирүү көздөлүүдө. Мунун баары Казакстандын Президенти Касым-Жомарт
Токаевдин өлкө аймагын геологиялык изилдөөнү заманбап чалгындоо ыкмалары менен
камтууну кеңейтүү боюнча тапшырмаларын аткаруу чегинде ишке ашырылат.
Дамир Көбенов, ӨКМ
Геология комитети төрагасынын орун басары:
- Геологиялык
болжолдоо иштеринин сапатын арттыруу, болжолдуу ресурстарын тактоо, ошондой эле
өлкөнүн минералдык чийки зат базасын толуктоо максатында 2026-жылы жер
казынасын мүмкүн болушунча толугураак 50 миңдик масштабда геологиялык изилдөөгө
киришүү пландалууда. Ушул масштабда жер казынасын геологиялык изилдөө эл аралык
тажрыйбасынын кеңири таралганын билебиз. Аймактык толугураак картага түшүрүү
келечектүү аймактарды аныктоо, геологиялык, инвестициялык тобокелдиктерди
азайтуу жана кийин геологиялык чалгындоо менен пайдалуу кендерди өндүрүүгө жеке
инвестицияларды тартуу үчүн базалык негиз болуп саналат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

