Казакстан Иранга тоңдурулган эт экспорттойт. Тараптар тиешелүү келишимге кол койду. Өлкөнүн Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, меморандум ата мекендик өнүмдү экспорттоо үчүн жаңы багыттарды ачат. Эске сала кетсек, буга чейин жергиликтүү өндүрүүчүлөр Ислам Республикасына сактоо мөөнөтү 3 күнгө чейинки муздатылган уй этин гана жеткире алышкан.
Казакстанда жаңы эт өндүрүштөрүнө 152 миллиард теңгеден ашык инвестиция салынат
Эт экспортунун дараметин жогорулатуу максатында Казакстанда бул багыттагы жаңы долбоорлорду каржылоого басым жасалууда. Маселен, мындай 22 өндүрүш борборуна жалпы наркы 152 миллиард теңгеден ашык инвестиция тартуу көздөлгөн. Жеке капитал булактарынан салынуучу инвестициялык объекттер 2023-2026-жылдары ишке кошулат. Бүгүнкү күндө Маңгыстау жана Түркестан облустарында эки долбоор пайдаланууга берилди. Жыл аягына чейин дагы үчөөнү ачуу мерчемделүүдө. Алардын бири — Улытау облусундагы 10 миң башка ылайыкталган касапканасы бар комплекс. Ошондой эле, муздаткыч кампалар менен жабдылган этти кайра иштетүү жана колбаса чыгаруучу ишкана курулат. Кошумчалай кетсек, жыл аягына чейин Алматы облусунда эт комбинаты пайдаланууга берилет деп күтүлүүдө. Ал эми Жетису аймагында мал байлоочу аянтча курулат. Ишкана керектүү мал азыгын өзү өндүрүп чыгарат. Куш эти боюнча алдыдагы жылы Түркестанда бройлер өстүрүүгө арналган комплекстин курулушу башталат. Мындан тышкары, аймакта үндүк багуу жана этин кайра иштетүү комбинатын ишке киргизүү мерчемделген.
Которгон: Илгиз Жамалбеков