Сенат мамлекеттик карыз маселесин дагы бир жолу карап чыгат

Сенат мамлекеттик карыз маселесин дагы бир жолу карап чыгат

Парламенттин жогорку палатасы өлкөнүн мамлекеттик карызын эске алуу менен 2022-жылдын такталган бюджетин дагы бир жолу карайт. Белгилей кетсек, аны жакынкы күндөрү Мажилистин депутаттары бекиткен. Сенаттын төрагасы Маулен Ашымбаевдин айтымында, мамлекеттик карыздын көбөйүү маселеси буга чейин да сынга алынып келген. Анда өкмөт кырдаалды көзөмөлгө алууну убада кылган. Эми палата бюджеттин такталган долбоорун дыкат иликтейт. Зарыл болсо, жакын арада өзгөртүүлөр боюнча сунуштар киргизилет.

Маулен Ашымбаев, Парламент Сенатынын төрагасы:

Азыр так бир нерсе айтуу кыйын. Документти кечээ Мажилисте кесиптештерибиз карашты. Бюджеттин долбоору бүгүн бизге келиши керек. Биз аны кылдаттык менен изилдеп карап чыгабыз. Суроо болсо, албетте, аны көтөрүп, мамлекеттик кызматкерлерге айтабыз. Биз так эмне жөнүндө сөз болуп жаткандыгы тууралуу комментарий берүүгө азырынча эрте. Биринчи документ менен жок дегенде бир жума иштейли.

Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, быйыл жыл башында Казакстандын мамлекеттик карызы 22 триллион теңгеге жеткен. Бул ИДӨдүн 27,4 пайызын түзөт.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков