Касым-Жомарт Токаев Азербайжан Республикасына мамлекеттик сапар менен келди. Бул тууралуу Акорда маалымдады. Гейдар Алиев атындагы эл аралык аэропортто Казакстандын Президентин Азербайжан Премьер-министринин биринчи орун басары Ягуб Эюбов жана Тышкы иштер министринин орун басары Самир Шарифов тосуп алды. Ал эми «Загульба» резиденциясында Казакстан Президентин салтанаттуу тосуп алуу аземи өттү. Ардактуу кароолдун башчысы эки өлкөнүн жетекчилерине рапорт берди. Казакстан менен Азербайжандын мамлекеттик гимндери ойнолгондон кийин Касым-Жомарт Токаев менен Ильхам Алиев бири-бирине расмий делегация мүчөлөрүн тааныштырды.
Салтанаттуу аземден кийин эки өлкөнүн лидерлери сүйлөшүү залына өттү. Белгилей кетсек, сапардын алкагында мамлекет башчысы биринчи казак-азербайжан Жогорку мамлекеттер аралык кеңешинин жыйынына катышат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков