К. Токаев Астанадагы Qazaqstan Barysy Grand Slam  турнирге катышты

К. Токаев Астанадагы Qazaqstan Barysy Grand Slam  турнирге катышты

Президент Касым-Жомарт Токаев дзюдо боюнча Qazaqstan Barysy Grand Slam боюнча эл аралык рейтингдик турнирге барды. Мамлекет башчы менен бирге трибунада Эл аралык дзюдо федерациясынын президенти Мариус Визер жана Олимпиада чемпиону Елдос Сметов болду. Белгилей кетсек, быйылкы мелдешке 46 мамлекеттен 358 спортчу катышты. Казакстандык дзюдочулар тогуз медалга ээ болушту - үч күмүш жана алты коло. Эске салсак, Астана 3-ирет беделдүү Grand Slam World Series турнирин өткөрүүдө.

Которгон: Илгиз Жамалбеков