Астанада Борбор Азия мамлекеттери дипломаттарын окутуу семинары өтүүдө

Астанада Борбор Азия мамлекеттери дипломаттарын окутуу семинары өтүүдө

Астанада Борбор Азия өлкөлөрүнүн мамлекеттик кызматкерлери суу дипломатиясын түзүү боюнча квалификациясын жогорулатышууда. Казакстандын «KazAID» эл аралык өнүктүрүү агенттиги бул багытта аймактык кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган атайын окутуу программасын иштеп чыкты. Анын алкагында Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандан келген адистер чек арадагы сууларды башкаруунун алдыңкы ыкмалары менен таанышып, тажрыйба алмашышат. Ошондой эле Арал деңизинин бассейнин өнүктүрүү маселелери жана жалпы эле суу чарба тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруу дарамети талкууланат. 

Арманай Кабдешова, «KAZAID» Казакстандын эл аралык өнүгүү  агенттигинин басма сөз катчысы: 

- Бул семинардын башкы маселеси-бүгүнкү күндө суу дипломатиясы жана туруктуу өнүгүү үчүн расмий жардамды ишке ашыруу. Башкача айтканда, бул биздин тышкы саясатыбыздын негизги багыттарынын бири. Муну ишке ашыруунун негизинде аталган семинар уюштурулуп жатат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков