«Алтын адамдын» өздүгү тууралуу көп жылдык талаш-тартыш аяктады. Окумуштуулар биринчи жолу анын геномун чечмелеп, 1969-жылы Ыссык дөбөдө табылган сөөктүн эркекке таандык экенин тастыкташкан. Ошондой эле ДНК анализи белгилүү жоокердин темир кылымдагы сак коомчулугунун тукум кууп өткөн элитасынын өкүлү болгонун көрсөттү. Изилдөөнү Казакстан, АКШ, Германия, Австралия жана Түштүк Кореядан келген окумуштуулардын эл аралык тобу жүргүзгөн. Адистер биздин заманга чейинки IX-III кылымдарда жашаган Евразия талаасынын 85 тургунунун генетикалык материалын изилдешкен. Бул «Алтын адамдын» келип чыгышын тактоого гана эмес, ошондой эле ар кайсы дөбөлөрдө көмүлгөн адамдардын ортосундагы туугандык байланыштарды да аныктоого мүмкүндүк берет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

